Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

А. Улунян: Парламенттик демократияны карай ташталган кадам


Кыргызстанда шайлоого катышарын элүүдөн ашык партия билдирген

Кыргызстанда шайлоого катышарын элүүдөн ашык партия билдирген

10-октябрдагы Жогорку Кеңешти шайлоого карата ой-пикирин сурап, Москвадагы кабарчыбыз Орусиялык окумуштуу, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Артур Улунянга кайрылды.

Артур Улунян: Кыргызстанда өткөнү жаткан Жогорку Кеңешти шайлоо, кандайдыр бир эсепте, азыр башкарып турган уюмдар жана саясий партиялар ал-кубаты канча экенин текшерип көрүү болуп эсептелет. Ошондой эле азыр калыпка түшө баштаган бийлик системасынын баш терисинин калың же жука экенин, кандайдыр бир деңгээлде, сынап көрүү да болот.

Дагы бир чоң мааниге ээ боло турган жагдай бар. Атап айтканда, кийинки убакта Кыргызстан коомчулугу бардык саясий партиялар жана партиялык ишкерлерден кандайдыр көөнү кала баштаганы байкалат. Ошондуктан алдыдагы шайлоого Кыргызстан жарандары канчалык көп келип берет, жигердүү катышып берет - өлкөнүн коомдук жана саясий жагдайдын мындан аркы тагдыры ошого жараша болот.

Бизге азыр маалым болгондорду негиз кылып айта келгенде, кыргыз коомчулугунун ар кыл тарамында түздөн түз саясатчыларга ишенбөө абдан арбын. Андай кишилер көпчүлүк көзүнө өз көмөчүнө күл тарткан, Кыргызстандын саясий жана экономикалык багыттагы башкы маселелерин чечүүнүн ордуна жеке кызыкчылыгынан иш алып бараткан кишилер болуп көрүнүшүүдө.

“Азаттык”: Кыргызстанда Жогорку Кеңешти шайлагандан соң турукташтыруу пайдубалы тургузулабы?

Артур Улунян: Шайлоо тушунда бардык кызыкчылык эске алынса жана атуулдардын добуш бергени келип берүүсү арбын болсо ошондой эле, мага белгилүү болгондой, эл аралык көз салуучулар шайлоонун жүрүшүн кылдат текшерип туруу мүмкүн болсо, баарыдан мурда жакшы жышандарды жаздым калтырбай эске алуу мүмкүн болсо, анда бул шайлоо – парламенттик демократияны жана өлкөдө турукташтыруу пайдубалын чыңоо үчүн жасалчу кадамдардын алдыңкысы болот деп эсептеймин.

Демейде, парламенттеги күрөш коомчулуктагы жагдайды турукташтырат деген кепти абдан көп айтышат. Бирок такыр эле ошондой экен деш натуура. Парламентеги кармаш, кантсе да, бул же тигил башкы мүдөөлөрдүн кагылышы. Бирок андай кармаш коомчулуктагы абалды турукташтырып ийбейт.

Көптөгөн өлкөлөрдө мындай жагдай тажрыйбасы – парламенттеги жаакташуу коомчулукту бөлүп жарбайт, кайра аны бири-бирине кандайдыр бир чечилбей аткан маселелер боюнча чукулдатууга өбөлгө болорун көрсөтүп келет. Иши кылып, мен буга дейре айткандар жыйындысын ала келип кеп курганыбызда, анда бул шайлоо Кыргызстандагы туруктуаштырууну карай жасалчу биринчи кадам болуп калат.

Бирок Кыргызстанда көз ачып жумгандын ичинде турукташтыруу орношу мүмкүн эмес. Дегеле андай жагдай кандай өлкөнү албайлы – мүмкүн эмес. Бирок мындай кыймыл канткен күндө да демократияны – бул кептин түз мааниси менен айтканда – парламенттик демократияны карай ташталган кадам экенине терең ишенемин.
XS
SM
MD
LG