Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Бүгүн Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленүүдө


Буга байланыштуу Улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, ага президент Роза Отунбаева катышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышмакчы. Иш-чара маалында эң мыкты мугалимдер президенттин колунан сыйлык алышмакчы. Бул жылы эки мугалимге “Кыргыз Республикасынын элдик мугалими” наамы, жети мугалимге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамы, ошондой эле сегиз адамга “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери” деген наам берилмекчи. (IJz)

XS
SM
MD
LG