Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Казакстан Кыргызстандан 0,5 млн. тонна картошка алмай болду


Мындай жыйынтыкка эки тарап Кордайдагы сүйлөшүүдө жетишти. Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинен «Азаттыкка» маалымдашкандай, 500 миң тонна картошка Казакстанга 1 кг орто баа менен 10-15 сомдон сатылат. Казактар мындай өлчөмдөгү картошканы бөлүп-бөлүп алууну көздөшүүдө. Ушул тапта Казакстанда картошканын 1 кг. орточо баасы 65 теңге же 20 сомдун айланасында.
Жолугушууда Казакстан кыргыз-казак чек арасында т.а. Кордайдагы «Барыс» базарынын алкагында азык-түлүк, жашылча-жемиш базарын ачуу сунушун билдиришти, бирок бул сунушту ишке ашыруу боюнча эки тараптуу аракеттер зарылдыгы тууралуу айтылды деп билдирди «Азаттыкка» КР айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Жумгалбек Сагынов.

Казакстан бир нече жылдан бери Кыргызстандан эт импорттоодон баш тартып келүүдө, ал эми үстүбүздөгү жылы апрель окуясынан кийин чек араларын жаап, азык-түлүк жана башка товарларды да өтө аз өлчөмдө өткөрүп калган. Бул Казакстандын өзүндө, өзгөчө түндүк облустарында азык-түлүктүн кескин кымбаттап кетүүсүнө алып келгени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG