Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Үч эм Өмүрбек, Роза, Алмазбек


Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын тургундары Кадырбек Айдаров менен Ирина Койполова үч эмдүү болушту. Уулдарына Өмүрбек, Алмазбек, кызына Роза деп ырымдап, айтылуу саясый ишмерлердин ысымдарын ыйгарышты.

2005-жылы Бишкекте жаңы төрөлгөн эгиз балдарга Курманбек жана Феликс деп ырымдап ат коюшканы бар.

“Азаттык”: Бешик боо бек болсун!

Кадырбек Айдаров: Рахмат.

“Азаттык”: Үч эм качан, кайсы төрөт үйүндө, саат канчада төрөлдү?

Кадырбек Айдаров: Жети-Өгүз районундагы төрөт үйүндө бир ай мурда, 28-ноябрда төрөлдү.

“Азаттык”: Биринчи кимиси жарыкка келип, ыңаалап түштү?

Кадырбек Айдаров: Биринчи Өмүрбек, экинчи Роза, анан кийин Алмазбек төрөлдү.

“Азаттык” : Үч эмдин ысымын ким койду?

Кадырбек Айдаров: Өзүбүз эле койдук.

“Азаттык”: Жубайың Иринанын ден соолугу жакшыбы? Наристелердин салмактары канча килограмм болду?

Кадырбек Айдаров: Рахмат, саламаттыгы жакшы. Балдардын салмагын так билбейм, бирок 2 килограммдан ашыгырак болду.

“Азаттык”: Өмүрбек, Роза, Алмазбек деп ырымдап койгонуңар жакшы. Бирок баягы Феликс-Курманбек тандеминдей болуп үчөө жыдып калса өкүнүп калбайсыңарбы?

Кадырбек Айдаров: Мен аларга кызыкпайм. Балдарым өмүрлүү, бактылуу болсун деп ушул ысымдарды койдук. Анын үстүнө биз ысымын койгон адамдар эл арасында төбөсү көрүнүп калган адамдар да. Өзүбүз деле ошол инсандарды сыйлайбыз.

“Азаттык”: Бул үч эмден башка дагы балдарыңар барбы?

Кадырбек Айдаров: Бар. Үч эмди кошкондо сегиз болду. Төрт уул, төрт кыз.

“Азаттык” : Жаңы төрөлгөн үч эмден башка дагы эгиздер барбы?

Кадырбек Айдаров: Ооба, булардан мурдагылары эгиз балдар. Үч жашта.

“Азаттык”: Жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жардам берилди?

Кадырбек Айдаров: Ысык-Көл облусунун губернатору айылдан 250 миң сомго үй алып берди. Райондун акими 50 миң сом жардам берди.

“Азаттык” : 50 миң сомду үч эмге жумшадыңарбы же бапыратып бешик той берип таштадыңарбы?

Кадырбек Айдаров: Жок, эгиздер үчүн деп саан уй алдык. Анан калганын кийим-кечек алып бердик.

“Азаттык”: 250 миң сомдук үйүңөр жаңыбы? Канча бөлмө?

Кадырбек Айдаров: Үч бөлмөлүү. Эми орточо. Өтө эски эмес, өтө жаңы эмес. Азырынча эки бөлмөдө жашап жатабыз.

“Азаттык”: Силердин үй-бүлөгө тардык кылбайбы?

Кадырбек Айдаров: Эми чыдап жашап жатабыз. Айылда мындан жакшы үйлөр деле жок.

“Азаттык”: Азыр кыш. Отун-сууңузду камдап алдыңыз беле? Таш көмүрүңүз барбы?

Кадырбек Айдаров: Айыл өкмөтү таш көмүр алып беребиз деген. Мен жумуштан бошобой, барып ала албай жатам. Дем алыш күнү унаа алып барып тартып келем го.

“Азаттык”: Сиздин жашыңыз канчада?

Кадырбек Айдаров: Буюрса кырк бирге чыктым.

“Азаттык” : Жубайыңыз кайсы айылдын кызы?

Кадырбек Айдаров:
Келинчегим Койполова Ирина Бекбоевна Жумгал районундагы Дыйкан айылынан болот.

“Азаттык”: Сиз эмне жумуш кыласыз?

Кадырбек Айдаров: Мен "Ак жалга" акционердик коомунда тракторист болуп иштейм.

“Азаттык”: Үч эмди догдурлар күнүгө көзөмөлдөп, карап турушабы же бир жумада бир келип жатышабы?

Кадырбек Айдаров: Айылдык фельдшерлер, ФАПтагылар келип жатышат.

“Азаттык”: Өзүңүз механизатор экенсиз, сиз жумушка кеткенде жубайыңызга ким жардам берип жатат?

Кадырбек Айдаров: Кыздарым бар. Он биринчи класста анан 8-класста окуган кыздарым бар. Андан кийинки уулум 7-класста окуйт. Андан кийинки эгиздер үчтө.

“Азаттык”: Кадырбек мырза, үй-бүлөңүз жергиликтүү бийлик тарабынан, коомчулук тарабынан жардамга муктажбы?

Кадырбек Айдаров: Азыр ушундай экономикалык кризис болуп турган чакта жардамга муктаж элебиз. Үч эмге витаминдүү балдардын тамагы түтпөй жатат.

“Азаттык”: Үч эмдин жана башка уул-кыздарыңыздын ден соолугу бекем, өмүрлүү, бактылуу болуп, кыргыз эли сыймыктанган азаматтардан болсун.

XS
SM
MD
LG