Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

ТИМ ажыга баргандарга виза берүүгө тиешеси жоктугун билдирди


Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандан Сауд Арапстанга ажыга баргандарга виза берүү маселелери боюнча билдирүү таратты. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн токтому менен ТИМдин милдети Сауд Арапстандын консулдук кызматкерлеринин алатоолук ажыларга виза берүү үчүн Кыргызстанга келишин камсыз кылуу менен гана чектелери айтылат. Ошондуктан “виза берүү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен аравиялык консулдардын иши”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан мурдарак “Азаттык” ажылык зыяратты уюштуруу иштеринде жүздөгөн чет элдиктерге жолдомолор сатылып, миллиондогон каражаттын дайын-дареги табылбай ататканын иликтеп чыккан болчу.

Дин иштери комиссиясы аравиялык консулдар кыргызстандыктар үчүн 4676 адамга жолдомо беришкенин жарыялаган. Бирок “Азаттык” үналгысы тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин колу коюлган документти таап, ажыга барчуларга берилген жолдомонун саны – 5060 деп көрсөтүлгөнүн аныктады. Бул жерде ортодогу айырма 384 виза болууда. Ошол эле маалда Сауд Аравиясынан такталган маалымат боюнча, аба жолдору жана кара жол аркылуу ажылык зыяратка барган кыргызстандыктардын саны 4301 болгон. Кийинки айырма 759 виза. (EBM)

XS
SM
MD
LG