Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

"Кыргыздар талаалап кеткенине ичим күйөт"


Урийла апа абышкасы жана неберелери менен.
Урийла апа абышкасы жана неберелери менен.

Алматыда убактылуу жашап жаткан 70 жаштагы ысыккөлдүк Урийла Искакова апаны кабарчыбыз бул шаарга барган учурда кепке тарткан эле.





- Урийла апа, канчага чыгып калдыңыз?

-Декабрдын 12синде 70ке толдум. Апрелдин 12синде абышкам экөөбүздүн баш кошконубузга 50 жыл болот. 7 баланы чоңойттук, балдардын баарын окуттук колдон келишинче, бирок Кыргызстанда иштин жоктугунан кээ бири Алматыда жүрөт, кээ бири иштерин таштап коюп базарда жүрөт. Окуткан эмгегибиз деле бааланбай калды. Жети баланы бутуна тургузуп алганыма сүйүнөм. 20 неберем бар, 3 чөбөрөм бар. Мен бактылуу кемпирмин.

- Алматыга кантип келип калдыңыз?

- Алматыда кыз-күйөө балам бар, ошолорго кышкысын балдарына каралашайын деп келдим. Себеби ата-энеси кечке базарда соода-сатык кылышат. Неберелеримди сагынам, балдар иштеп атканда биздикине барбагандыктан биз келип учурашып турабыз. Кышында балдарына каралашып коюп, неберелеримди жайында көлгө алып кетем. Балдарыма жардам бергеним ушул. Мурда айылда эле жүрчү балдардын баары, азыр туш-тушта иштеп атат. Анан ойлоп коём, "ат башына иш түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына иш түшсө өтүгү менен суу кечет" деп жашоо турмуштун айынан ушул жакта иштеп жүрүшөт. Балдарымдан кабар алганы келип турам сагынганда.

- Казак менен кыргыздын ортосундагы достук мамиле баягыдай эле сакталып турабы, же силер кыргыздарда ыңкылап болуп атат, талашып-тартышып жүрөсүңөр деген пикирлерди айтышабы?

- Былтыр ыңкылап болгон учурда мен ушул жерде элем. Кээде мен казак туугандарга бир аз таарынып кетем, кандайдыр бир мактаныч менен “ач баладан кач бала”- деп сүйлөгөндөр болду. Казактарда ачарчылык болгондо, кыргыз эли жарты нанын тең бөлүшкөн учурлар болгон. Учурда кыргыздар ачкачылыгынан иштеп аткан жок, биздин Кыргызстан кичинекей мамлекет болуп кризистин сазынан чыгалбай атпайбызбы, ошон үчүн айласыздан Алматыга келип иштеп атышат. Азыр деле кышкы Азия оюндарын угуп отуруп ойлоп калам, казак туугандар өздөрүнүн “көмөчүнө күл тартып” эле биздин кыргыздарды теңсинбей атат. Анын үстүнө бизде кичине башчыларыбыз начар болуп, элге көп көңүл бөлбөй, көпчүлүгү аргасыздан талаалап таркап кеткенине ичим күйөт. Кайда жүрүшсө да аман болушсун деп ойлойм.

- Кыргызстандын жарандары чет өлкөдө аргасыз жүрөт деп ойлойсузбу?

- Ооба, көр оокаттын айынан. Болбосо кызым да, күйөо балам да жогорку окуу жайын бүткөн. Балдарымдын беш-алтоону окутуп алдым, баарында жумуш жок. Завод, фабрика жок болсо, мектептерде эмгек акы аз болсо. Эми Кыргызстанды жамандаган эмес, бизде бала төрөлгөндө сүйүнчүсү берилет го, кичүү уулум менен турам, балдардын бирине да пособие чыгарып беришкен жок. Бир күнү райондо иштеген келин-кыздарга өзүм бардым, эмне үчүн бербейсиңер деп. Силер пенсия алат турбайсыңарбы дейт. Пенсиябыз эмнеге жетет? Мен азыр дарыланып атам, пенсиям жетпейт. Мамлекет жеткинчектерге, жаны төрөлгөн балдарга жардам берип турса жакшы эле болот эле.

- Көп жыл китепканада иштеген экенсиз, анча-мынча "чымыныңыз" бар экен, ыр жаза коют экенсиз. Ушул талантыңызды барктап-баалай алдыңызбы?

-Талантым бар го деп ойлоп кетем. Бирок ыр жазууга берилип, артынан кууп китеп чыгарайын деп аракет деле кылган эмес экем. Турмушта болгон окуяларды чагылыштырып жазып коём.

- Эсиңиздеги ырыңыздан бирөөнү окуп бербейсизби?

-Балдардын туш-тушта иштеп жүргөнүнө байланыштуу, биз айылда эле болсо дегенге карабай турмуштун айынан чет мамлекеттерде жүрүп атышпайбы. Ысык-Көл тууралуу бир ырымды айтып берейин.

Даңктаймын ыйык көлүмдү

Жалынам тоолоруңа, таштарыңа,
Жалынам курчап турган асманыңа,
Шарп эткен толкунуңду кошо жиреп,
Кошсом ээ, бир тамчы ыр дастаныңа,

Жээгиң толгон көк жашыл кырымзыга,
Белек болдуң, кутман журт кыргызыма.
Байлыгыңды бөксөртпөй сактап калсын,
Намыс, ар бер, ыйман бер уул-кызыңа.

Күзгүсү элдин, жердин, аска зоонун,
Сук артып сунбаса экен, кастар колун,
Даңктаймын касиеттүү ыйык көлдү
Анткени ал жыйылбаган - дасторконум.

Ушул сыяктуу ырларым бар. Өзүбүздүн кара эмгек менен жашап жүрөбүз. Балдарыбызга боорум ооруйт, окуп алып кызматы жок жүрүшөт.

- Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз, өлкө оор кырдаалдан канткенде чыга алат?

- Бардыгы карапайым болуп, жегичтер-ичкичтер жок болсо, Кыргызстандын келечеги жакшы болот. биздин Кыргызстандын байлыгы көп, бирок ошону колдон келгендер алып, колдон келбегендер кала беришет. Келечекте жаш муундар, окуп-чокуп, эмне үчүн биз талаада жүрөбүз, эмне үчүн өзүбүздүн айылга барбайбыз, туулган жердин топурагы алтын деп, эмне үчүн биз бул жакта жүрөбүз деп намыстанып, арданса, аларды колдогон кишилер болсо жаштарыбыз кайра кайрылып айылга барат болчу. Билбейм кандай элестетерди...

- Көлдүн Кичи-Өрүктү айылынан экенсиздер. Көлдү кыргызстандыктар барктап баалай алдыкбы? Туризмдин мекенине айлана алдыбы?

- Айланта алган жокпуз го деп ойлойм. Ысык-Көлдү барктай албай келебиз. Туризмдин мекени болбой тунжурап турат, ыйык көлүбүз.

- Быйыл абышкаңыз менен баш кошконуңузга 50 жыл болуптур, өзүңүз 70ке чыгып атыптырсыз. 50 жылдык алтын тойго арнап, бала-бакыраңыз, жолдошуңуз сиздин ырларыңызды топтоп, китеп кылып чыгаралы деген ой-тилектери барбы?

- Азыр чогултуп жүрүшөт. Өзүм унутуп деле калыптырмын ар кайсы жерге жазып коюп таштай берип. Өзүмдө деле 20 чакты бар ырларым колумда, Кытай университетинде Айкөл деген неберем окуйт, ошол чогултуп жүрөт, өзү да ыр жаза коёт, мен ошого оодарып берем.

- Жаштарга, кыргыз калкына айтаар тилегиңиз?

- Жаштарга, кыргыз калкына айтаар тилегим, биримдикте болушсун, тынччылыкта болушсун, көрө албастыктар азайсын, бары бир ойго келип жакшы турмушта жашайбыз дешсе жаштарды көбүрөк депутат кылсак, жаңы заманды баштайт го деп ойлойм. Өкмөттөн жардам деле жок, эч нерсе деле көрбөйбүз, абышкам экөөбүз биригип беш миңге жакын акча алабыз, небере-чөбөрөлөрүмө деле жетпейт, иши кылып курсак ток болсо болду деп калдык.

- Рахмат маегиңизге, саламатта болуңуз.

XS
SM
MD
LG