Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бахрейндеги демонстрацияда эки адам өлдү


Египеттеги окуяларга шыктанган бахрейндиктер көчөгө кечээ чыккан эле. Полиция демонстранттардын бирөөсүн борбор Манаманын чет жакасындагы кагылыш учурунда атып алган. Экинчи демонстрант бүгүн кечээ өлгөн адамдын сөөгү алынып келинген оорукананын сыртында чогулган кишилерди полиция таратууга аракеттенгенде чыккан кагылыштан каза тапкан.

Бахрейн АКШнын стратегиялык өнөктөшү жана ал жерде Кошмо штаттардын бешинчи флоту турат.

Падыша башкарган бул өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шийиттер бийликтеги суниттердин дискриминациялык саясатына нааразы болуп келет. Бирок көчөгө чыккандар монархияны кулатууну эмес, саясий эркиндикти көздөп жатканын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG