Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Энергетика: миллиондор кимдин чөнтөгүндө?


Архивден: Москва районунда энергетика тармагындагы коррупцияга каршы өткөн акциядан бир көрүнүш, 16-декабрь, 2008-жыл
Архивден: Москва районунда энергетика тармагындагы коррупцияга каршы өткөн акциядан бир көрүнүш, 16-декабрь, 2008-жыл

Tetra Tech компаниясынын иликтөөсүнө караганда, электр тармагынан түшкөн пайданы мамлекет 190 миллион долларга жеткирсе болот. Бирок буга чейин электр тармагы жоготуулар менен гана келатат.

Америкалык Tetra Tech компаниясы кыргыз электр энергиясынын өздүк наркын эсептеп чыкты. Электрдин өздүк наркы 1 сомдон 2,3 сомго чейин делип эсептелип, азыркы система боюнча эле электрден түшкөн пайданы 190 миллион долларга жеткирсе болору көрсөтүлгөн. Энергетиктер болсо тармактагы коррупциялык схемаларды жоймойунча абал өзгөрбөй турганын айтышат.

Энергетика министрлигинин өтүнүчү менен АКШнын Tetra Tech компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына аудит жүргүзүп, электр энергиясынын өздүк наркын эсептеп чыкты.

Отчетко ылайык, электр энергиясынын өздүк наркы тейлөө сапатынын үч деңгээлине жараша эсептелген. Электрдин наркын эсептеп чыгарууда бардык коромдор, электр чыккандан баштап кардарга жеткенге чейинки толук баа кошулган.

Биринчиси, тейлөө сапаты туруксуз жана улам начарлап жүрүп отургандагы баа. Бул деңгээлде электрдин өздүк наркы 1 сомдон эсептелинип, ички базарда сатуудан түшкөн пайда болжолу менен жылына 190 миллион долларды түзүшү керек.

Экинчиси, учурдагы энергетика системасынын туруктуулугун арттырууга багытталган тейлөө. Бул деңгээлде электрдин өздүк наркы 1 сом 65 тыйынды түзүп, аны ички базарга сатуудан жылына 326 миллион доллар пайда түшүрүү мүмкүн.

Үчүнчүсү, жылы бою өлкөнүн бардык аймагын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз тейлөө шартындагы баа. Бул деңгээл боюнча электрдин өздүк баасы 2 сом 3 тыйынды түзүп, жылдык пайда болжолдуу түрдө 415 миллион доллар болмокчу.

Сунуштарда айтылгандай, биринчи деңгээл боюнча электр баасынын эсептелиниши – азыркы системага окшош. Мындай шартта плансыз өчүрүүлөр көбөйүп, тескерисинче жалпы экономикага зыяны көп. Айтмакчы, азыркыдай системада деле отчетто көрсөтүлгөндөй жыл сайын 190 миллион доллардай пайда көрүү мүмкүн. Бирок ал акчалар кайда жоголуп атканы, эмнеге мынча акча түшпөй атканы белгисиз.

Экинчи деңгээл боюнча эсептөө системасы азыркы системаны жакшыртууга түрткү берери айтылса, эң эле келечектүү вариант катары 2,3 сомдук үчүнчү деңгээл көрсөтүлгөн.

Тартип жана реформа

Энергетика министрлигиндеги Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Айгүл Султанкулова “Азаттыкка” билдиргендей, электрдин өздүк наркы боюнча Tetra Tech иштеп чыккан жогорудагы үч вариант – бул тармакта эффективдүү менеджмент болгон учурга ылайыкталган.

Султанкулованын айтымында, азыркы системада деле отчетто айтылгандай электр тармагынан 190 миллион доллардай каражат түшүрүү мүмкүн, бирок ал үчүн энергетикадагы коррупцияны жоюу зарыл. Анткени тармакты тазаламайынча электрдин баасын кымбаттаткандан пайда жок:

- Ооба, бул азырынча жөн гана варианттар. Бирок бул варианттар энергетика тармагында тартип орнотулганда, коррупциялык схемалар жоголгондо, чоң деңгээлдеги жоготуулар болбой калганда, жанагы түшүнүксүз жана таза эмес тендерлер токтогондо, каражаттар максаттуу пайдаланыла баштаганда гана иштей баштайт.

Андыктан энергетика тармагын тартипке салып алмайынча отчеттогудай тарифтерди көтөрүштүн кереги жок. Анткени тарифтер көбөйсө да абал өзгөрбөйт.


Экономист Талан Кемеловдун баамында, энергетика тармагындагы башкарууну дүйнөлүк аты бар жеке компанияларга бергенде гана энергетика өнүгө баштайт. Ал үчүн мамлекет өз колунда энергетика компанияларынын 49 пайыз акциясын гана алып калса жетет.

Tetra Tech компаниясы көрсөткөн үчүнчү деңгээлге жетиш үчүн да ушундай кылуу максатка ылайыктуу. “Энергетикадагы башкарууну ушундайча өзгөртүү – калктын кирешесин да өстүрөт. Ал убакта электрдин баасы 2 сом болгону деле оорчулук болбойт”,- дейт Т.Кемелов.

Учурда Энергетика министрлигиндегилер Tetra Tech компаниясынын отчетун иликтөө, реформалык кадамдарга баруу планы үстүндө иштеп жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG