Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Салижан Шарипов: Тынчтыктан артык байлык жок


Салижан Шарипов Ошто, 2011-жылдын 10-июну.
Салижан Шарипов Ошто, 2011-жылдын 10-июну.

Орусиядан июнь коогасынын жылдыгына келген Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Салижан мырза, мына азыр эл аралап жүрөсүз, эл ичиндеги маанай кандай экен?

- Чынында, өткөн жылы көңүлгө таптакыр жакпаган иш болду. Көп адамдар анын чоо-жайын түшүнбөй деле калышты. Далайы түштөн кийин ойлонуп, бекер кылганын эми түшүнүштү. Биз өзү бир жердикпиз. Дайыма чогуу чай ичип, аш жеп, балдарыбызды эриш-арак чоңойтуп келгенбиз. Албетте, арада түшкө кирбей турган окуялар болуп кетти. Куда кааласа, андан алган жараатты мезгил дарылайт деп ойлоймун. Болочокто кыргызы да, өзбеги да мурункудай ынтымак-ырашкерликте жашашат го деген терең үмүттөмүн. Анткени, арабызда терең жана кенен ой жүгүрткөн акылдуу адамдар абдан көп.

- Сиздин көптөгөн жердештериңиз, дегеле мекендештериңиз ошол былтыркы коогалаңды уюштургандарды кармап келип, эл алдында жазалоону талап кылып жатышат. Сиз буга кошуласызбы?

- Чындыгында, кимдир бирөөлөр эки улутту катуу араздаштырмакчы болушту. Өзүңөргө маалым, кыргызы дагы, өзбеги дагы илгертен бири бирине абдан ынак жашаган калк. Ошентсе да, арабызды кара мышык аралап, мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Албетте, тополоңду уюштургандар кайсыдыр бир өлкөлөрдө жашынып жүрүшүптүр. Арийне, аларды таап, кармап келип, сөзсүз жазалаш керек! Канткен күндө да, муну убакыт көрсөтөт. Мезгил өзү чечет. Антсе да, көп улуттуу калкыбыз ар дайым аманчылыкта жана ынтымакчылыкта жашап келишкен, ушул тейден жазбайт деп дале терең ишенем. Биз Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн мындан ары дагы кызмат кыла бермекчибиз. Ар дайым “кыргызстандыкпыз!” деп башыбызды бийик көтөрүп жүргөнгө татыктуубуз.

- Кыргызстандын туңгуч космонавты катары эли-журтуңузга эмне тилейт элеңиз?

- Бул тирүүчүлүктө эң негизги байлык – тынччылык. Ал өкүм сүрүп турганда, албетте балдар жакшы окушат. Андан ары өздөрү каалаган мыкты окуу жайларына тапшырып, татынакай кесиптерге ээ болот. Ошондо алар Кыргызстаныбыз үчүн ак кызмат өтөшсө деген аруу тилектемин. Ошондо гана өлкөбүз өйдөлөп, бакубат мамлекетке айланаарынан шегим жок.

- Салижан мырза, эки элдин ынтымакчылыгын мурунку калыбына келтирип, достукту мындан ары күчөтүү максатында Кыргыз өкмөтү биринчи ирээтте кандай чараларды көрүшү зарыл деп эсептейсиз?

- Аны үчүн, биринчиден, мамлекетибиз күчтүү жана катуу болушу абзел. Баш мыйзамыбызда бадырайта жазылган, бардык жарандардын укугу бирдей. Милдеттери да тепетең. Экинчиден, мамлекеттик кызматкер болобу, же жөнөкөй атуулбу, ошол мыйзамдарды бекем карманууга көнүшү абзел. Анткени, Кыргызстандагы Башмыйзамга жана башка мыйзамдарга дегеле доомат жок. Болгону аларды такай иштетип, туура тутунсак эле ыкчам өнүгүп кетээрибизде шек жок.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG