Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Иракта бүгүнкү кол салуудан жети адамдын өмүрү кыйылды


Окуя борбор Багдаддан 60 чакырымдай түндүк-чыгыш тарапта, Дияла провинциясынын борбору Бакуба шаарында болду. Козголоңчулар жергиликтүү бийлик жайгашкан имараттар комплексине кол салышкан. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, куралчан адамдар чабуул жасаардан мурда өкмөттүк имараттын сыртында жанкечти өзүн жардырып, бомбаланган автоунаа жарылган. Андан кеминде 7 адам өлүп, 17 киши жаракат алганы кабарланууда. Күбөлөрдүн айтымында, имараттын ичинен да катуу атышуулардан үнү угулган. Бирок куралчандар бирөө жарымды барымтага алган-албаганы анык эмес. Дияла 2006-2007-жылы Ирактагы диний араздашуулар күчөгөн кезде "ал-Кайиданын" таяныч бекети болгон. Андан бери кыянатчылыктар азайган, бирок ал Ирактын кырдаал тынч эмес аймактарынын бири бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG