Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Ооганстан-Пакистан тиреши күч алды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистанды ооган аймагын бомбалады деп айыптап чыкты.
Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистанды ооган аймагын бомбалады деп айыптап чыкты.

Ооган президенти Хамид Карзай Пакистанды Ооганстандын аймагын бомбалады деп айыптаса, Исламабад бул кинени четке какты.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандан өз өлкөсүнүн чыгыш чек арасын ракетадан аткылоону токтотууну талап кылды. Жергиликтүү бийликтердин маалыматына ылайык, өткөн апталарда 500гө чукул ракета атылган чабуулдарда аз дегенде 30 киши, анын ичинде 12 жаш бала набыт болду.

Жекшембиде (26-июнда) Карзай Кунар, Нангахар провинцияларын аткылаганы үчүн Пакистанды күнөөлөгөн билдирүү таркатты. «Эгер бул чабуулдарды Пакистан жасабаган болсо, Исламабад өкмөтү алардын артында ким тургандыгын ачыкташы керек», - деп айтылды билдирүүдө.

Карзайдын сөзү боюнча, ал Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен апта соңунда Тегерандагы анти-терроризм конференциясында жолуккан.

Пакистан дүйшөмбүдө ооган президентинин айыптоосун четке кагып, армиянын маалымат катчысы генерал-майор Атар Аббас Ооганстандын аймагына атайылап ракета атылган эмес деп айтты. Бирок ал Пакистан армиясы менен согушчандардын ортосундагы кагылыштардын мезгилинде айрым ракеталар кокусунан Ооганстандын аймагына түшкөн болушу мүмкүн деди.

Анын аралыгында, кан төгүүгө жергиликтүү ооган бийликтеринин нааразылыгы улам күч алууда. "Азаттыктын" ооган кызматы менен маегинде Кунардын губернатору Фазлулла Ваахиди эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү зарыл деп айтты:

- Мен эки өлкөнүн ортосундагы бул маселеге эл аралык коомчулуктун дароо кийлигишишин каалар элем. Карапайым адамдардын бейкүнөө өлүмүнүн алдын алуу керек.

Кунар дубанынан кечээ жакында НАТО аскерлери чыгарылып кеткен. Бирок Ооганстандын Коргонуу министрлигинин маалымат катчысы генерал Мохаммед Захир Азими ооган күчтөрү бул маселени өз алдынча чечүүгө даремети жетээрин мындайча билдирди:

- Эгер ооган саясатчылары бизге мүмкүндүк берсе, улуттук армия мындай нерселерге тийиштүү жообун берүүгө даяр. Ооган армиясы буга даяр, Кунар дубанынын эли да карап турбайт.

Ооган бийликтери өткөн жума күнү айрым чыгыш дубандарындагы ракеталык аткылоого жооп ирээтинде ок атылганын, аткыланган аймактардан качкандардын саны 2 миңге жеткендигин билдиришти.

Пакистанда америкалыктар ал-Каида уюмунун ана башы Осама бин Ладендин көзүн тазалагандан бери аскердик активдүүлүк күчөп, Ооганстанда өтүшүп кеткен саясий кризис жөнгө салына элек.

Өткөн ишембиде Ооганстандын түштүгүндө ооган тартип коргоочуларын бутага алган бомба чабуулунда 8 жаштагы кыз набыт болгон. Анын аралыгында, Бириккен Улуттар уюму ооган парламентин саясий кризисти тереңдетүүчү аракеттерден сак болууга чакырды. Коррупциялык шектенүүлөрдөн улам атайын трибунал 62 депутатка мандаттарын тапшырууну буйруган эле. Буга нааразы болгон мыйзамгерлер сентябрдагы парламенттик шайлоонун алдында президент тарабынан түзүлгөн трибуналды мыйзамсыз деп, эл аралык коомчулукка кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG