Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:04

1-августтан тарта жол коопсуздугу боюнча жаңы долбоор ишке кирет


Анын алкагында кайгуул күзөт жана Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип иштешет. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, Бишкек шаары 40 бөлүккө бөлүнүп, үч топтон турган кызматкерлер күнү-түнү унаалар менен күзөткө чыгат. Демейдегидей унаасын токтотуп, айдоочуларды тосуу болбойт.

Эки айга созулчу долбоордун натыйжасына оң баа берилсе, бул иш башка аймактарга жайылтылып, убактысы узартылат. Иш-чарага жалпысынан 10 млн. сом каражат бөлүнгөн.

Кыргызстандын мамлекет жетекчилери тартип коргоо органдарын реформалоо багытында Грузиядан үлгү алууну көздөшүүдө. Буга чейин вице-премьер-министр Шамил Атаханов баштаган кыргыз делегациясы Грузияда болуп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG