Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Калыс сот тандоодо калпыстыктар барбы?


Сотторду көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш Сот тандоо кеңешинин төрагасы Базарбековдун бул кызматта турууга моралдык укугу жоктугун айтып чыкты.

Алар Замирбек Базарбековдун сот тармагында иштеп турганда бир нече ирет мыйзамсыз чечимдерди чыгарганы боюнча материалдар келгендигин жарыялашты.

Көз будамайлообу?

Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш тараткан маалыматта сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков 2005-жылга чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын судьясы болуп туруп, сот адилеттигине жатпаган чечимдерди чыгарган. Маселен, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Базарбеков жергиликтүү кеңештин депутатын куугунтуктаганын айтат:

- Бул документтер ойдон чыгарылган эмес. Бул документтер ошол кездеги Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынындагы комитетте каралып, изилденип чыккан материалдар. Ал материалдарда кайсы бир маселени ачык айтып койгондугу үчүн Каракол шаарынын депутаттарын судья Базарбеков куугунтуктаган. Ошондой эле карактоо боюнча кармалган кылмышкерди бошотуп жиберген.

Абдрасулованын белгилешинче, Базарбеков өз учурунда судьялардын кесипкөйлүгүн текшерген аттестациядан да өткөн эмес экен.

- Аттестациядан өтпөй туруп бир нече убакыт судья болуп турган убакта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны бул боюнча президент Акаевге бир нече ирет кайрылышкан. Анан бул аттестациядан өтпөй калып, жумуштан четтетилген. Ошол материалдар азыр биздин колубузда бар. Бирок бул киши Сотторду тандоо кеңешине келип түшкөн материалдарды жашырып, эч кимге айтпай жатат.

Сот түзүмдөрүн көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин дагы бир мүчөсү Сейтек Байгуттиев да азыркы кызматты ээлөөгө Базарбековдун моралдык укугу жок деп эсептейт. Анын айтымында, ошондой эле Сотторду тандоо кеңешинин иши көз будамайлоо болуп жаткан сыяктуу:

- Сотторду тандоо боюнча кеңештин иши көз будамайлоо болуп жатат. Жөн эле шоу сыяктуу болууда. Акчаларын берип, орундарын алып, баары тең эчак эле тандалып калгандай. Коомчулуктун гана көзүн будамайлоо болуп жатат.

Базарбеков: айыптоолор атайын уюштурулган

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков болсо ага карата айтылган дооматтарды четке кагууда. Ал өзүнө тагылган айыптоолор Акаев бийлигинин тушунда атайын уюштурулганын айтат:

- Акаевдин убагында мен куугунтукка алынгам. Бир эле айдын ичинде эки ирет аттестациядан өткөрүшкөн. Биринчисинде, талаш-тартыш маселелер боюнча комиссиядан мени өткөрүп коюшуп, он күндөн кийин кайра комиссияга чакырып, куугунтуктаган.

Базарбековдун айтымында, аны төрагалыктан кетирүү боюнча чечимди Сотторду тандоо кеңеши гана чыгарат. Аны кеңеш төрага кылып 11-июлда шайлаган болчу. Ал эми сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү төраганы кайра шайлоо боюнча маселе көтөрүлбөгөнүн билдиришти.

Базарбеков ошондой эле Сотторду тандоо кеңешинин иши ачык-айкын жүрүп жатат деп эсептейт:

- Мыйзамды сыйлабасак да, Кудайдан коркушубуз керек да. Мисалы, мага акча берип, мени өткөзүп кой деген кишилер болгон жок. Же болбосо үстүдөн да кысым болгон жок. Мен ушуга таң калып жатам.

Сотторду тандоо кеңеши учурда Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерди оозеки сынактан өткөрүүдө. Жогорку Соттогу 35 бош орунга 114 талапкер, Конституциялык палатадагы 11 орунга 30 талапкер ат салышып жатат. 3-4-августта Сотторду тандоо кеңеши талапкерлерди добуш берүү аркылуу тандайт.

XS
SM
MD
LG