Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Жогорку Соттун судьялыгына 29 талапкер тандалды


Аларды Сотторду тандоо кеңеши бүгүнкү отурумунда добуш берүү жолу менен аныктады. Оболу жумшак рейтинг аркылуу 111 талапкердин ичинен 70и иргелген. Андан соң алардын арасынан 29 талапкер тандалды.

Жогорку Соттогу судьялык орундардын саны азыр 35 экендигин эске алганда, дагы алты орун бош калды. Судьялыкка талапкерлерди тандоо жараянына сот түзүмдөрүнө көзөмөл жүргүзүү боюнча жарандык кеңештин өкүлдөрү да байкоо салууда. Аталган кеңештин мүчөлөрүнүн бири Сейтек Байгуттиев бүгүн “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Сотторду тандоо кеңешинин ишин “техникалык буйрукту” аткаруу деп мүнөздөдү, тандоо калыстык жана айкындуулук менен жүргүзүлбөгөнүн, буга чейинки иши таза эмес айрым судьялар кайрадан өтүп кеткенин билдирди.

Тандалган талапкерлер тизмеси президентке берилет. Ал өз кезегинде Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG