Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Британияда тополоң ири шаарларга жайылууда


Британияда өкмөт башчы Лондондогу тополоңго байланыштуу чукул жыйын өткөрүү үчүн жайкы эс алуудан эрте кайтып, Лондондогу полициянын санын үч эсеге көбөйтүүгө буйрук берди.

Полиция Британиядагы ондогон жылдардан берки эң катуу тополоңду токтотууга шаасы келбей жатканын мойнуна алды.

Лондондо 9-августтагы толкундоолор, каракчылык, өрт коюлар үчүнчү күн катары менен уланды. Тополоңдо баш калаанын көп райондорунда соода борборлору өрттөнүп кетти.

Бетин чүмбөттөгөн жаштар салган тополоң дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Лондондун көп аймактарына жайылганда, полиция тартипти камсыздай албай калды деген тынчсыздануу күч алууда.

Шаарга кошумча жүздөгөн тартип коргоочу жайгаштырылды, алардын саны азыр 6 миңден ашты. Бийликтер ошондой эле өзгөчө жапа тарткан жерлерге аскердик чопкуттуу техника киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Бийликтер кырдаалды тынчытууга чамасы жетпей жаткандыгын мойнуна алды. Британиянын ички иштер министри Тереза Май алгачкы эки түндө 450дөн ашык киши камакка алынганын маалымдады.

8-августтан 9-августка караган түнү Лондондун бир нече ооданында талоончулар дээрлик эч кандай тоскоолдуксуз дүкөндөрдү карактап, айрымдары турак-жайларга кол салууга аракеттеништи. Каракчылык коркунучунан улам ресторандар, дүкөндөр бүт шаар боюнча эрте жабылды.

Лондондун көп тургундары эмне үчүн тартипти калыбына келтирүү үчүн жетиштүү санда тартип коргоочулар киргизилбей жатат деп таң калышууда. Түнкү коменданттык саат киргизүү, талоончуларга суу замбирегин колдонуу, ал тургай аскер жайгаштыруу чакырыктары айтылууда.

Өткөн жылы тартип коргоочулардын айлыктарын азайтууга чакырган ички иштер министри чындыгында полицияда жетиштүү ресурс болушу керектигин билдирди:

- Полицияда мындай кырдаалды жөнгө салууга жетиштүү каражат болушун камсыз кылышыбыз керек. Тартип коргоочуларга өз милдетин аткаруу үчүн жетиштүү ресурс болушу керек.

Ошол эле мезгилде Тереза Мей Лондонго аскер жайгаштырууну колдобой тургандыгын кыйытты.

Анын аралыгында Лондондун полиция комиссары Тим Годвин шаардыктарды полиция менен иштешүүгө жана ата-энелерди балдарын көчөгө чыгарбоого чакырды.

Толкундоолор 6-августта Лондондун түндүгүндөгү жарды жана көп улуттуу Тотенхэм ооданында 29 жаштагы Марк Дугган деген кишини тартип коргоочулар атып салышкандан кийин башталган. Төрт баланын атасы бейшемби күнү кандай шартта атылганы тактала элек.

Бирок толкундоолор жайылган сайын өлкөдө мамлекеттик чыгымдарды 130 миллиард долларга кыскартуу тууралуу өкмөттүн планы коомдогу чыңалууну күч алдырганы тууралуу айтылууда.

Анын аралыгында, толкундоолор Британиянын башка ири шаарларына да жайылып жаткандыгы кабарланууда.


Британия тополоңдун кучагында
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

XS
SM
MD
LG