Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

“Ар-намыс” фракциясында кош бийлик


“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов фракция жетекчиси кызматын башкага тапшыруу боюнча 15 депутаттын чечимин укуктук да, саясый да жактан күчү жоктугун билдирди. Фракциянын 15 депутаты кезексиз жыйында Куловдун ордуна фракция жетекчиси кылып Камила Талиеваны шайлашкан болчу.

Феликс Кулов чукул өткөрүлгөн маалымат жыйында фракция жетекчилигинен негизсиз бошотулганын билдирди.

- Өзүңөр билгендей шайлоодо фракция эмес, партия жеңген. Ошол себептен партиянын саясий кеңешинин чечимисиз фракция жетекчисин алмаштырууга мүмкүн эмес. Ошондой эле көпчүлүк депутаттар биригип алып, жобону да өзгөртүүгө укуктары жок. Бул 15 депутат алгач жобону өзгөртүп, анан жетекчини алмаштыруу тууралуу чечим кабыл алышкан.

12-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын 15 депутаты кезексиз жыйында жаңы жобо кабыл алышкан. Ага ылайык, фракция лидери бир жылдык мөөнөткө гана шайланаары белгиленип, жыйынтыгында фракция лидери Феликс Кулов ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна депутат Камила Талиева шайланган.

Ал эми 15 депутаттын бири “Ар-намыс” фракциянын мүчөсү Токон Мамытов соңку жагдай фракция ичинде ыдыраган ынтымакты калыбына келтирүү аргасынан улам жасалганын билдирди:

- "Шайлоо жакындап калды, чогуу бололу, бөлүнбөйлү" деп 15 депутат биригип эле чечим кабыл алганбыз. Азыр Феликс Кулов “бул нерсени 5-6 депутат эле ойлоп таап бузуку болду, калганы мал сыяктуу ээрчиген” деп айтып жатпайбы. Эми мен Феликс Шаршенбаевичтин ордунда ушул сөздөрдү айткандан уялат элем.

“Ар-намыс” фракциясы былтыркы парламенттик жарышта үчүнчү келген. Коалиция кураган кезде оппозициялык өңүттү ээлешкен. Бирок жазга маал фракциянын он депутаты коалициялык көпчүлүктү колдоорун жарыялашкан. Президенттикке талапкер тандоодо да партиянын ичинде пикир келишпестиктер болуп, партия эки жолу курултай өткөргөн.

“Ар-намыс” партиясын 1999-жылы ошол кезде Бишкек мэри болуп турган Феликс Кулов тузүп, президент Аскар Акаевге оппозиция болоорун жарыялаган. Серепчилер бул күнкү окуя он эки жылдык салты бар партиянын ыдырашынан кабар берет деп жоромолдоп жатышат.

XS
SM
MD
LG