Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Оштуктар: Шайлоодон күткөнүбүз - ынтымак


Оштук ардагерлер, 2011-жылдын 10-июнунда тартылган сүрөт.
Оштук ардагерлер, 2011-жылдын 10-июнунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин экинчи күнү башталды.

Талапкерлер жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугуп, өз программаларын тартуулаганы турушат. Ал ортодо серепчилер айрым талапкерлер аймактык жана улуттук маанайды козутуп жибериш коркунучу бар экендигин айтууда.


Жети өлчөп, бир кесели

Буга чейинки эки президентти көргөндөн кийин эл эсине келгендей болуп атат. Ойлонуп чечим кабыл албасак болбой калды дегендей турат азыр көбү...
Гүлгаакы Кубатова


Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн башталышы менен Ош шаарында да үгүт иштери кызуу старт алды. Бирок көчө-көйлөрдө президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаровдун гана үгүт баракчалары жана баннерлери илинип турганын байкоого болот. Башка талапкерлер азырынча илип үлгүрүшө элек.

Ошентсе да эки кишинин башы бириккен жерде эле ушул тема сөз болуп, «кимди шайлайбыз, кимди тандайбыз?» - деген суроого жооп издегендер арбын. Буга чейинки шайлоолордон айырмаланып карапайым эл бул шайлоодо жети өлчөп бир кесээрине ишенгендер бар.

Оштун тургуну Гүлгаакы Кубатова да ушундай пикирде:

- Мурда элдин аң-сезиминде «ким акча берсе ошону шайлай беребиз» деген ой жашаган да. Бирок буга чейинки эки президентти көргөндөн кийин эл эсине келгендей болуп атат. Ойлонуп чечим кабыл албасак болбой калды дегендей турат азыр көбү. Базарга түшпө, көчөдө баспа, айдоочулар менен сүйлөшпө бары акчасына, алдаган сөздөрүнө карабай татыктуу талапкерди колдоп алалы деген пикирде. Мен деле азыр кимди шайлай турганымды чече элекмин.

Оштун өзбек тектүү дагы бир тургуну Хайрулла Адылжанов болсо, эл учурда шайлоодон ынтымакты күтүп жатканына токтолду:

- Азыр бизге шайлоодон да ынтымак өтө зарыл болуп турат. Ошон үчүн эки элдин ынтымагын чыңдайм деген кишиге добуш беребиз. «Баардык өлкөнүн пролетарлары бириккиле» деп совет мезгилинде айтылгандай, 20 талапкер азыр «Баардык улуттар бириккиле» деген чакырыктар менен чыгышы керек.


Кооптонуулар жок эмес

Улутка бөлүп, жердешчиликке бөлүп, түндүк-түштүк маселесин козгоп жүргөндөр шайлоо үгүтү баштала электе эле козголду. Ошонун айынан упай топтоп алгысы келген саясий ишмерлер болуп жатат...
Төлөгөн Келдибаев


Деген менен калабалуу күндөрдү баштан өткөрүп калган шаардыктарда кооптонуулар да жок эмес. Шайлоонун шылтоосу менен ар кандай күчтөр баш көтөрүшү мүмкүн деген кептер айрымдардын тынчын алып жаткандай.

Жергиликтүү талдоочу Төлөгөн Келдибаев шайлоо башталбай жатып эле улуттук жана аймактык маселелерди козгогон топтор жандана баштаганын белгилөөдө:

- Кыргызстандын бүтүндүгүн ар бир жаран каалайт. Бирок тилекке каршы кээ бир саясий көз караштар менен ар кандай пикирлерге бурулуп кеткендер болуп жатат. Улутка бөлүп, жердешчиликке бөлүп, түндүк-түштүк маселесин козгоп жүргөндөр шайлоо үгүтү баштала электе эле козголду. Ошонун айынан упай топтоп алгысы келген саясий ишмерлер болуп жатат. Айрым аттуу-баштуу эле адамдар ар кандай чакырыктар менен чыкканын көрүп атабыз. Кээлери болсо провокациялык маанайдагы видеолорду таркатып жатышат. Мындай нерселер үгүт учурунда дагы күчөп кетиши мүмкүн деген коркунучтар бар.

Ал эми шаардык шайлоо комиссиясы бул өңүттө эч кандай коркунуч жок экендигин билдирүүдө. Комиссиянын төрагасы Абдырахман Айтматовдун айтымында, ар бир талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү жана партиялардын жергиликтүү жетекчилери жакынкы күндөрдө этикалык меморандумга кол коюшат.

- Шайлоону өткөзүү боюнча жаңы мыйзамда коопсуздук боюнча кенен айтылган. Ошого ылайык үгүт учурунда элдин арасында улуттар аралык, регионалдык маанайды козгоп иш жасагандарга катуу чаралар көрүлөт. Бирок биз ошого жеткизбей эле партиялардын өкүлдөрүн, президентикке талапкерлердин кишилерин чакырып атайын бир меморандум кабыл алганы турабыз. Ал жерде баардыгы жогорудагыдай иштерди жасабайбыз, элди достукка чакырган ураандарды колдонобуз деп кол коюшат.

Күч органдары болсо жер-жерлерде тартип сактоо иштери күчөтүлгөнүн айтып, шайлоо тынч өтөрүнө кепилдик берүүдө. Ош шаарында 73 шайлоо участкасы 100 миңден ашык шайлоочуну кабыл алганы турат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG