Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Нариман Түлеев талапкерликтен баш тартты


Президенттикке талапкер болуп катталган Нариман Түлеев шайлоого катышуудан баш тартты. Анын бүгүн тараткан билдирүүсүндө шайлоого катышууга бут тосуу болгону, талапкер болуп шайлоого 2 жума калганда гана катталганы, шайлооочулардын добушун сатып алуу ал үчүн алдамчылыкка тете экени айтылат. "Мындай шартта мен президенттик кызматка умтулууга моралдык акым жок", - дейт Түлеев.

Нариман Түлеев өз пайдасына 30 миңден кем эмес анык кол топтой алган жок деген жүйөөгө байланыштуу катталуусу кармалып жатып, расмий каттоо аяктагандан 11 күн өткөндө гана катталган болчу. Катталган талапкерлердин жалпы саны 24 болчу. Бирок Марат Султанов Түлеевдин пайдасына талапкерликтен баш тарткан. БШКга Түлевдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча расмий арыз түшө элек. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG