Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

Шайлоо: үгүт материалдары өрттөлүүдө


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы жер-жерлерде айрым талапкерлердин үгүт материалдары өрттөлгөн учурлар катталганын жар салды.

Коалициянын мүчөлөрү бул жагдайларды укук коргоо органдары көз жаздымда калтырды деп сынга алууда. ИИМ болсо сындарды четке кагып, үгүт учурунда мыйзам бузгандарга чара көрүлгөнүн билдирүүдө. Ал ортодо шайлоого саналуу күндөр калганда БШК шайлоочулардын тизмесин тактай албай убайым чегүүдө.

Үгүт иштеринде мыйзам бузуулар

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бүгүн 21-сентябрдан 8-октябрга чейинки байкоолорунун жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстанда шайлоо алдындагы кырдаал салыштырмалуу тынч. Бирок шайлоодон кийинки болжолдуу коркунучтар жөнүндөгү айың кептерден улам калк арасында кабатырлангандар көп.

Коалициянын жетекчиси Динара Ошуракунованын айтымында, үгүт иштеринин жүрүшүндө да мыйзам бузуулар жана талапкерлердин үгүт материалдарына зыян келген учурлар катталып жатат:

Динара Ошуракунова
Динара Ошуракунова
- Анарбек Калматовдун штабынан үч баннери өрттөлгөнүн айтышты. Алар укук коргоо органдарына арызын беришиптир, бирок эч кандай жооп алыша албай жатат. Мадумаровдун штабында айтышты, Токмокто жана Канттагы баннер, билборддоруна атайын боёк менен зыян келтирилиптир. Ташиевдин штабын да айтып кетишти, Сосновка айылында штабдын координаторуна жергиликтүү айрым тургундар тарабынан коркутуу болуптур.

Коалиция өкүлдөрү талапкерлер укук коргоо органдарына кайрылганына карабастан, мындай мыйзам бузууларга чара көрүлбөй жатканын белгилешти. Көчөлөрдө илинген үгүт материалдарына зыян келгенин Адахан Мадумаровдун штабынан да тастыкташты.

Мадумаровдун кеңешчиси Кыяз Молдокасымов угалы:

- Кантта, Токмокто, Ысык-Көлдө, Нарында Адахан Маудмаровдун илинип турган баннерлерине май куюп өрттөп, кескилеген учурлар бар. Бул элдин эмес, айрым бир каразгөй атаандаштардын ыплас жол менен жасап жаткан иштери деп билебиз.

Бирок Ички иштер министрлиги үгүт учурундагы мыйзам бузууларга карата чара көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Министрликтин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедовдун айтымында, 25-сентябрдан бери Кыргызстанда үгүт материалдары зыян алып келген учурлар боюнча үч кылмыш иши козголгон:

- Үгүттөө иш-чаралары башталган күндөн тартып, үгүт материалдарына зыян келтирүү фактысы боюнча сегиз факт катталган. Тергөө бөлүмдөрү тарабынан үч кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен бирөөсү уурулук боюнча, экөө бейбаштык боюнча козголгон. Калган фактылар боюнча дагы керектүү иликтөө, изилдөө иштери жүрүп жатат.

БШК шайлоочуларды тизмени такташууга чакырат

Ал арада коомчулукта Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусу жана бул жолугушуунун жергиликтүү маалымат каражаттарында чагылдырылышынын мыйзамдуулугу боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Бул боюнча БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов түшүндүрмө берип, талапкерлер каалаган адамдар менен жолуга берерин, эгер алардын чет өлкөлүк жарандар менен түшкөн сүрөттөрү, тартылган видеолору кийинки үгүт иштеринде колдонулса гана мыйзам бузуларын ачыктады:

- Эми жолукканы жолуга берет. Бирок аны массалык маалымат каражаттары аркылуу реклама кылбаш керек. Эгерде чет өлкөлүк ишмерлер менен түшкөн сүрөттөрүн үгүткө кошкон болсо, анда мыйзам бузуу болуп эсептелет.

БШК
БШК
Президенттик шайлоого эки жумадан ашыгыраак убакыт калганда шайлоочулардын тизмесин тактоо иши маселе жаратууда. БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун айтымында, атайын мобилдүү топтор үймө-үй кыдырып тизмелерди тактап жатканына карабастан, жергиликтүү тургундар алар менен иштешүүдөн баш тартышууда:

- Тилекке каршы элибиз түшүнбөй, тактоо үчүн алып келген баракчаларга кол койбой, идентификациялык номурларды бербей жатат. Ошентип, биздин тизмени тактоого жардам бергендин ордуна, тоскоол болуп жатат. Анан 20-октябрга чейин өзүн тизмеден тактабаса, тизмеге кире албай калчу болсо, добуш бере албай калышат.

Президенттик жарыштан эки талапкер: Нариман Түлеев жана Акылбек Жапаров өз ыктыяры менен баш тарткандан кийин, бүгүн Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев да өз ыктыяры менен талапкерлигин алып салаары кабарланды. Бул маалыматты Масалиев “Азаттыкка” тастыктап, бирок БШКга азырынча кайрыла электигин билдирди. Аталган талапкерлердин арызын БШК карап чыгып, чечим чыгарса, президенттикке талапкерлердин саны 20га түшмөкчү.

XS
SM
MD
LG