Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:52

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолу убактылуу жабык


Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 190-240-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу) бороон чапкын болуп, көрүү мүмкүнчүлүгү жок болгонуна байланыштуу жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоо үчүн Ош-Сары-Таш-Эркештам жол башкармалыгы тарабынан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана кар тазалоочу “Унимог” техникалары аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам тазалоо иштерин убактылуу токтотту. Мындан сырткары, аталган чакырымда 40 даана оор жүк ташуучу унаа токтоп турушат.

Мындан сырткары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 75-чакырымында (Кара-Таш участкасы) кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоого ЖЭМ-26 ишканасынан 1 даана жүктөгүч жана 1 даана бульдозер (Т-130) жеткирилген. Бирок жол тейлөө кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо максатында тазалоо иштери таң атканда жүргүзүлөт. Аталган участокто кар көчкү туткунунда калгандар жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG