Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

Алиева: Келдибеков Оштогу тарапкерлери менен бүгүн жолугушат


Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз ыктыяры менен кеткен Ахматбек Келдибеков Оштогу тарапкерлери менен бүгүн жолугушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын маалымат катчысы Асель Алиева билдирди.

Оштун борбордук аянтында Келдибековдун тарапкерлери уюштурган митинг кечээ да болгон, бүгүн да уланууда. Ага бир жарым миңдей адам катышып жатат. Митингчилер Келдибековду негизсиз каралоого каршы чыгышууда. Келдибековду жогорку мамлекеттик кызматкердин моралдык-этикалык нормаларын бузду деп күнөөлөгөн "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатын тапшырып, кечирим сурашын талап кылышууда.

14-декабрдан тарта төрагалык кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатканын Келдибеков 12-декабрда парламенттеги териштирүүдөн кийин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG