Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Өкмөт түзүмүн өзгөртүүдөн 1 млрд. сом үнөмдөлөөрү айтылууда


Бүгүн коалициялык көпчүлүктөн премьерликке талапкер Өмүрбек Бабановдун өкмөттүн түзүмү боюнча долбоору талкууланды. Анда Бабанов бул долбоор кабыл алынса 7 мамлекеттик орган жана анда иштеген 3 миңден ашык мамлекеттик кызматкер кыскарып, бюджетке 1 миллиард сомду үнөмдөп калса болоорун айтты.

Долбоорго ылайык, өкмөттүн түзүмү 41 мамлекеттик органдан: 14 министрлик, 1 мамлекеттик комитет, 6 мамлекеттик агенттик, 2 мамлекеттик инспекция, 8 мамлекеттик кызмат, 3 мамлекеттик фонд, 1 аттестациялык комиссия, 1 стратегиялык изилдөө институттан түзүлмөкчү. Премьер-министрдин төрт орун басары: Экономикалык блок боюнча биринчи вице-премьер-министр, Реалдуу сектор жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр, Вице-премьер-министр - Өкмөт Аппаратынын жетекчиси болот.

Азырынча өкмөттүн түзүмү боюнча орток пикир табыла элек. Коалициялык көпчүлүк макулдашылган долбоорду ушул шаршембиде парламенттин отурумуна алып чыгышы керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG