Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

“Кумтөрдүн” жумушчулары иш таштайт


“Кумтөр” алтын кенининде иштеген жумушчулар 7-февралдан баштап мөөнөтсүз иш ташташарын жарыялашты. Буга компания жетекчилиги бийик тоолуу шартта иштегендиги үчүн социалдык чегерүүлөрдү жумушчулардын айлыгынын эсебинен төлөө чечими себеп болгон. Тоо-кен кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаевдин “Азаттыкка” айтымында, жумушчулар социалдык чегерүүлөрдү компания өзүнүн эсебинен төлөп же айлыкты жогорулатсын деген талапты коюшууда. Буга чейин базалык айлык акынын негизинде “Кумтөр” өзү төлөп келген. Бирок Социалдык фонд муну тоо коэффициентинин эсебинен жүргүзүү талабын койгон.

“Кумтөр Оперейтинг” компаниясы бул мыйзамдын чегиндеги маселе экендигин белгилеп, иш таштоого негиз жок деп билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG