Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Баткен: бир тургун чек арачыны атып салды


Чек ара кызматынын өкүлдөрү бул каргашадан кийин жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө.13-февраль, 2012.
Чек ара кызматынын өкүлдөрү бул каргашадан кийин жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүдө.13-февраль, 2012.

Баткендин Тажикстан менен чектеш аймагында жергиликтүү бир тургундун колунан чек арачы жоокер мерт болду.

Бул каргаша 12-февралда болду. Кошуна өлкөгө мыйзамсыз көмүр тартып бараткан Тажикстандын автоунаасын коштоп жүргөн Баткендин бир тургуну чек арачынын буйругуна баш ийбей, жоокердин колундагы куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген чек арачыны атып салган.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя дем алыш күнү түштөн кийин Самаркандек айылы менен Тажикстандын Чорку айылынын чектешкен аймагындагы чоң жолдо болгон. Тажикстандын атуулуна тиешелүү автоунаа көмүр тартып бараткан учурда чек арачылар токтотуп, документтерин сурайт. Анда жүктү Тажикстанга тартып бараткандарды коштоп жүргөн жергиликтүү Акыл Калбаев эч кандай документтерин көрсөтпөсүн айтып, чек арачыларга каршылык көрсөткөн. Тиреш күчөп, 30 чакты тургун чогула калып, чек арачыларга сес көрсөтө баштаганда кошумча күч чакыртылган.

Ал арада Акыл Калбаев жакындарынын жардамы менен чек арачынын колундагы куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген 22 жаштагы аскер Канат Дүйшөналиевге ок чыгарган. Чек арачы ооруканага жетпей жан берген.

Буга чейин жергиликтүү эл менен чек арачылардын ортосунда мамиле бузулбаганы айтылууда. Кыргызстандын чек ара кызматынын кол башчысынын орун басары Раимберди Дүйшембиев бул окуя мыйзамсыз соода аракетин ишке ашырууну көздөгөн айрым адамдардын айынан чыкканын айтат:

- Чек арачыларга карай ок атышкан. Ошол учурда лейтенант Дүйшөналиевдин көкүрөк тушуна ок тийип, мерт болгон. Чек арачылар өз милдетин аткарып жүрүшкөн. Акыл Калбаев деген жаран менен бул жерге чогула калган тургундар топтолгондорду чек арачыларга каршы тукурушкан. Буга чейин жергиликтүү эл менен чек арачылардын тирешүүсү болгон эмес.

Раимберди Дүйшембиев мыйзамга ылайык, ар бир жаран чек арадан ары-бери каттаган учурда чек ара көзөмөлдөөчүгө тийиштүү кагаздарын көрсөтүп, буйрукка баш ийүүгө милдеттүү экенин, бирок бул учурда андай болбогонун кошумчалады.

Баткендин Самаркандек аймагы Тажикстан менен чырмалыша чектешип, жаз алды менен эки ортодо суу талаш, жол талаш сыяктуу чыр-чатактар тез-тез катталып турат. Ар убак мындай жаңжалдар чек арачылардын жардамы менен чечилип, жергиликтүү тургундар аймактагы чек арачыларга таянып калышкан десе болот.

Самаркандек айыл округунун тургуну Абдугапар Галымбетов бул окуяны мамлекет үчүн чоң жоготуу катары баалайт:

- Бир эле биздин айылдын аймагын эмес, Кыргызстандын бүтүндүгүн карап турган чек арачы бул. Өзүбүздүн коопсуздугубузду сактап турган балабыздын өмүрүнө кол салуу туура эмес деп ойлом. Кайсыл жерде кандай окуя болбосун биринчи чек арачыларга кайрылабыз. Чек арачылар бар үчүн элибиз тынч жашап жатат. Бул - мамлекеттин жоготуусу...

Самаркандек айыл округунун аймагындагы көмүр кендеринен суткасына 20 тоннадай көмүр өндүрүлөт. Анын дээрлик көпчүлүгү Тажикстанга сатылат. Мындай соода жүргүзүүнү жергиликтүү тургундардын арасынан көзөмөлдөгөндөр да бар.

Айыл округ башчысынын орун басары Сайдимар Апазов бул окуя жергиликтүүлөр менен чек арачылардын түшүнбөстүгүнөн келип чыккан деп эсептейт:

- Биздин аймакта кандай гана тирешүү болбосун биринчи чек арачыларга кайрылабыз. Бул эми чек арачылар менен жергиликтүүлөрдүн түшүнбөстүгүнөн келип чыкты десем болот. Кооптуу аймакта жашаган калк үчүн чек арачылардын зарыл экенин баса белгилеш керек. Бирок эл арасында туура эмес багытка үгүттөгөндөр да бар. Элде жумушсуздук күч болуп жатканынан көмүрдү Тажикстанга өткөрүшөт. Эч кандай бажы төлөмдөрү төлөнбөйт.

Бул аймактын тургундары негизинен Тажикстан менен соода-сатык кылып, тиричилик өткөрүшөт. Чек арачыга ок чыгарды делинип жаткан Акыл Калбаевдин жакындары болсо чек арадан ары бери өткөн жүктү текшерүүнүн кереги жок, кала берсе бул чоң жолдогу көзөмөлдү алып салуу керек дешет.

Чек арачыны атты делген Акыл Калбаев ошол эле замат кармалып, азыр Баткен райондук милиция бөлүмүндө сурак берүүдө. Аны менен кошо жанындагы Тажикстандын эки жараны да кармалган.

Бул окуя боюнча 17-февралда жергиликтүүлөр менен тийиштүү кызматтардын жолугушуусу өтүп, маселе дагы талкууга алынмай болду.

XS
SM
MD
LG