Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:23

Астанада кыргыз-казак өкмөт аралык сүйлөшүү өттү


Казакстанга эки күндүк иш сапар менен барган кыргыз өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Бабанов 21-февралда казак премьери Карим Масимов менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, апрелде өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү, чек ара бекеттеринин ишин, энергетика, уюлдук байланыш тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Бабанов Казакстанды Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кара-Кече көмүр кенинде Жылуулук конденсация электр станциясын курууга катышууга чакырды. Бүгүн кыргыз өкмөт башчысы казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугат. (RK)

XS
SM
MD
LG