Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Обама Асадды "тарыхый ката кетирбөөгө" чакырды


АКШ президенти Барак Обама Сирия президенти Башар Асадга химиялык куралды колдонуп, “тарыхый ката кетирбөөнү” эскертти. Асаддын режими андай иштери үчүн эл аралык коомчулук жана Кошмо Штаттардын алдында жооп берет деди Обама. Кечээ Дамаск чет өлкөлүк күчтөр Сириядагы жаңжалга кийлигише турган болсо, аларга каршы химиялык курал колдоноорун айткан. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтүнүн мындай сес көрсөтүүсү айыптоого арзыйт деп, эл аралык коомчулукту андай иш-аракеттердин алдын алууга чакырды. Ошол эле күнү Дамаск Араб Лигасынын жаңы сунушун чекте какты. Лига Асад бийликтен кетсе ага жана жакындарына өлкөдөн чыгып кетүүгө шарт түзүлөт деп убада кылган.

XS
SM
MD
LG