Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Kазакстан Кыргызстандын сүт азыктарына тыюу салды


Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой чек ара, бажы бекети.
Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой чек ара, бажы бекети.

3-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстандан ташылган сүт азыктарын өткөрбөй койду.

Мындай кадамга Казакстан кыргыз тарап өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барган. Кыргыз өкмөт башчысы мындан улам чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерди Астанага жөнөдү. Фермерлер болсо маселе тезинен чечилбесе, көп өлчөмдөгү чыгымга кириптер болобуз деп кабатыр.

Айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, казак тарап мурдатан уруксат берген кыргызстандык 10 ишкананын продукциясын алуудан баш тарткан. Алар мындай кадамды Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткарбай койгону менен түшүндүргөн:

- Казакстан айрым мыйзамдардын, мурда коюлган талаптардын аткарылышын талап кылып жатат. Маселен, Кыргызстан Малды идентификациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алышын талап кылууда. Буга ылайык, малдын түрүнө жараша дубандарга бөлүп, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат бериши керек болгон. Биз тарап ошол талап, шарттарды өз убагында аткара албай калган экен.

Узакбаевдин айтымында, мына ушул милдеттемелерди Кыргызстан аткарууга жетишпей калган. Айыл чарба министри мындай кыраалдын жаралышына ветеринардык департамент өкүлдөрү жоопкер экенин билдирүүдө.

-Мындай абалдын жаралышына ветеринардык кызматтын өз милдеттерин аткара албай, кечиктириши себеп болду. Буга чейин деле ушундай кырдаал түзүлүп келген. Мына ошондон сабак алып, эртерээк аракет кылса болмок. Бирок андай болбой калды.

Ал эми өкмөт алдындагы ветеринардык департаменттин башчысы Жаныбек Султанов менен санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин орун басары Самат Алиев казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн шаршембиде Казакстанга жөнөп кетти.

Астанага жөнөөр алдында “Азаттыкка” маегинде Жаныбек Султанов
“департаменттин дарегине айтылган сындарды четке какты. Анын жүйөөсүндө Казакстан Бажы биримдигине мүчө болгондон тартып эле мыйзамдарын Орусия жана Беларустукуна ылайыкташтырып, Кыргызстандан муну талап кылган:

- Бул жерде негизги эле талап - мыйзамдык базаны өзгөртүү болуп турат. Казакстан Бажы биримдигине кирип, Орусия, Беларус талап кылып жатат деп бизге да мыйзамдарды өзгөртүү маселесин коюп жатат. Бизде болсо ал мыйзамдарды Жогорку Кеңеш карай элек. Ошондуктан ветеринардык кызматты бир жактуу күнөөлөй берген болбойт. Биз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша аракет кылып жатабыз.

Ошол эле учурда Султанов Жогорку Кеңеште айрым депутаттардын Кыргызстандагы эпизоотиялык абал начарлаганы үчүн Казакстан сүт азыктарынан баш тартты деген божомолун төгүндөп, өлкөдө шарп жана башка ылаңдар жайылбаганын, кырдаал көзөмөлдө экенин айтты.

Негизинен Казакстан Чүй, Ысык-Көл жана Талас облусунда жайгашкан 10 сүт заводдун сүтүн сатып алат. Күнүгө 70-80 тоннадан сүт жиберилет. Бирок Кыргызстанда шарп ылаңы күчөп жатканына байланыштуу акыркы жылдары Казакстан тез-тез эле өз аймагына сүттү өткөрүүгө тыюу салып келет. Маселен, былтыр октябрдан бери эле эки ирет мындай чектөө киргизилген. Мындай чектөөлөрдүн кедергиси биринчи кезекте фермерлерге тийип, зыян тартышат.

Эми бул ирет да мурдагыдай кырдаал кайталанбайбы деп фермерлер Казакстандын Кыргызстандан сүт азыктарын алуудан баш тартышына кабатыр.

Маселен буга чейин өндүргөн продукциясын Казакстанга өткөрүп келген Таластагы “Талас сүт” ишканасынын директору Мырзакан Давлеталиев Кыргызстандын өкмөтү тезинен маселени чечпесе, бул тармакта иштегендер көп сандагы чыгымга кириптер болоорун белгилейт:

- Маселени эртерээк чечпесе бизге эле кыйын болот. Себеби биздин негизги эле кардарыбыз казактар да. Канча адам өндүргөн сүтүн бизге өткөрүп, жан сактап жатат. Биз андан май, быштак жасап, Казакстанга сатабыз. Акыркы бир жумадан бери эле казактар келбей калышкан. Муну эртерээк чечиш керек.

Казакстанга кеткен ветеринардык кызматтын өкүлдөрү болсо жакынкы күндөрү абал жөнгө салынаарын убада кылышууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG