Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Полковник Толкунбек Шоноевдун сөөгү жерге берилди


Белгисиз кылмышкерлердин огунан каза тапкан милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди сөөгү бүгүн Ош шаарында жерге берилди. Ага ички иштер министри Шамил Атаханов, Жогорку Кеңештин төрага орун басары Асия Сасыкбаева жана бир катар депутаттар катышты.

Ички иштер министрлиги Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Ош шаар мэриясынан маркумдун үй-бүлөсүнө каралашаарын убада кылышты.

11-январь күнү кечки саат 19:30дар чамасында Ички иштер министрлигинин алдындагы уюшма кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Шоноевди белгисиз адамдар атып кетишкен. Кылмышка шектелгендердин биринин фотороботу түзүлүп, Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды. Ал 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү кара-тору, бети жайык жигит. Экинчиси, 30 жаштардагы толук денелүү, камуфляж кийимчен болгону болжолдонууда.

Кылмышкерди ашкерелөө башкы прокурор Аида Салянованын көзөмөлүндө. (SE)

XS
SM
MD
LG