Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Баткендин Бөжөй айлына гуманитардык жардам жеткирилет


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков “Азаттыкка” бүгүн түз ободо телефон аркылуу курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Бөжөй айылынын болгон турмуш-тиричилиги Сох анклавы аркылуу жолго көз каранды эле, жол жабылгандан тартып, айыл тышкы дүйнө менен байланышсыз калды.
Жеңиш Разаков Сох жаңжалы боюнча түзүлгөн атайын комиссия анклавга чукул жайгашкан Кыштут айыл окуругунда: Чарбак, Согмент жана Таян айылдарына барып, эл менен жолугушканын да кошумчалады.

Жолугушууда айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, аймактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикир алышуу болду. Жергиликтүү тургундар чек ара тилкелерин батыраак аныктоону талап кылышып, бул учурдун эң көйгөйлүү маселеси экенин баса белгилешкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG