Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Пакистанда диниятчы Кадри өкмөт менен келишимге кол койду


Исламабадда өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштуруп жаткан диниятчы Тахир ул-Кадри төрт күндүк митингди токтотуу үчүн пакистан өкмөтү менен келишим түздү. Ал өкмөттүн он мүчөсү менен бейшембидеги бир нече сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин “Улуу жүрүштүн Исламабад декларациясына” кол койду. Декларацияга ылайык, 90 күндүн ичинде кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн Улуттук жыйын 16-мартка чейин таратылышы керек.

Таасирдүү диниятчы Тахир ул-Кадри жекшемби кечинде миңдеген тарапкерлери менен Лахордон чыгып, Исламабадга келген. Ал баштап келген демонстранттар өкмөттү коррупциялашкан деп айыптап, реформаларды жүргүзүүнү жана парламентти таратууну талап кылып, дээрлик беш күн аянтта турду.

XS
SM
MD
LG