Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалымдашынча, 150 чакырымга созулган дарыянын 40тай опурталдуу жери бар. Быйыл анын 12син бекемдөө үчүн 200 миллион сом бөлүндү. Бардыгын оңдоо үчүн 1 милларддай сом керек. Боронов соңку беш жылда дарыяда суу ташып, 5 миң гектар жерди жууп кеткенин кошумчалады. Буга жергиликтүү элдин каналдан шагыл, кум алып жатып дарыянын жээгин жырып салганы себеп болгон. (EBM