Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

“Чоң-Капкадагы” маселе жөнгө салынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов кабарлады. Анын айтымында, кечээ Кыргызстан жана Казакстандын бажычылары жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе чечилди. Учурда унаалар күнүмдүк режирде өтүп жатышат.

Кечээ Таластагы кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде жүзгө чукул машине Казакстанга өтө албай калган. Өткөрмө бекеттин кызматкерлери Бажы союзунун талаптарына ылайык жана казак өкмөтүнөн комиссия келди деген жүйөлөр менен жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатканын билдиришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG