Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

“Ата-Журттун” депутаттарынын соту уланат


Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан бүгүнкү жараянда айыпталуучулардын адвокаттарына жарыш сөзгө чыгат. Жарыш сөз аяктаган соң айыпталуучуларга сөз берилип, андан соң сот өкүм чыгарат.

Бейшембидеги жараянда мамлекеттик айыптоо депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга кесүүнү өтүнгөн. Депутаттар болсо мындай жазага макул эместигин билдирип, бийликти басып алууга чакырык жасоо аракетин четке кагышкан.

Былтыр 3-октябрда Кумтөр кенине байланышкан Бишкектеги митинг башаламандык менен коштолуп, депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилердин Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүүсү менен аяктаган. Кийин митингчилердин Ак үйгө кирүү аракети үчүн "Ата Журт" партиясынын лидерлери, депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов камакка алынышкан. Аларга “Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген айып тагылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG