Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Өзбек-ооган чек арасындагы атышууда үч ооган окко учту


Өзбекстандын Мамлекеттик чек араны коргоо комитети билдиргендей, чек арадагы Аму дайрадагы аралда өзбек чек арачылары менен атышууда үч ооган жараны набыт болду. Аталган комитеттин маалымат кызматы ишембиде Пайгамбар аралында 14-март күнү 30тай ооган жараны байкалган. Оогандар өзбек чек арачыларынын аралдан кетүү талабына баш ийген эмес. Айрымдары чек арачылар жакындап келгенде алардын куралдарын тартып алууга аракеттенди. Бир ооган жараат алган, калгандары Ооганстанга кире качышты. Өзбекстандык комитеттин маалыматына ылайык, Ооганстандын чек арачылары аралда окко учкан оогандардын сөөгүн алып кетүүдөн баш тартышты.

XS
SM
MD
LG