Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлери митингге камданууда


Бүгүн Жалал-Абад шаарында “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун тарапкерлери митингге чыгышат. Анда камактагы депутаттардын акталышы талап кылынат. Бул тууралуу митингди уюштуруучуларынын бири, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайыр Ташиевдин “Азаттыкка” билдирди. Бул талап аткарылбаса митингчилер чечкиндүү кадамдарга барабыз деп эскертишүүдө. Депутаттарды актоону талап кылган митингдер буга чейин да бир нече ирет өткөн. Бул талапты бейшембиде Жалал-Абадга иш сапар менен барган президент Алмазбек Атамбаевге да коюшту. Президент "атажуртчу" депутаттардын тарапкерлерин сот чечимин күтүүгө чакырган.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев жана Ташиевдин үч жан сакчысы былтыр 3-октябрда камакка алынган. Ал күнү Бишкекте Кумтөр кени боюнча митинг уюштурулуп, Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Депутаттар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталууда. Бишкектеги Биринчи май райондук соту бүгүн өкүмүн угузаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG