Комузу жок комузчу
Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, 12 жашынан өз далалаты менен жыгачка кыл тагып алып, күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү билем" дейт. Айыл башчысы Касымбектин короосунда өргүү үчүн тигилген боз үйдө отурдук. "Өзүмдүн комузум жок, бирөөдөн сурап алдым" деп ала келген өрүк комузда Памил кыргыздарына гана мүнөздүү болгон бир топ күүлөрдү чертти. Түркиянын чыгышындагы Улуу Памир айылындагы башка саналуу элдик өнөр ээлериндей эле, Сайымдын жолун жолдогон бир да үйрөнчүк шакирти жок. Сайым Муллааса уулунун аткаруусунда "Акбарак" деген арман күү. Жаңыл Жусупжан, Улуу Памир, Түркия
Чыгарылыштар
-
Май 29, 2024
"АКШда өнөрүмдү өркүндөтүп, Кыргызстанга кайтам"
-
Апрель 13, 2024
Оренбургдагы ташкын: үйсүз калган кыргыздар
-
Апрель 01, 2024
Катарда иштин көзүн тапкан кыргыздар
-
Март 19, 2024
Чехиядагы мигранттарга мыйзамдуу жол көрсөткөн Айжан
-
Январь 31, 2024
Азия кубогу: Баарыбыз бир тууганбыз!
-
Январь 22, 2024
Орусия: кодуланган мигранттар