Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

АКШда 6 млрд. доллардан ашуун арам акчаны адалдаган ишкана аныкталды


Американын прокуратурасы онлайн акча жүгүртүүчү ишканага 6 млрд. доллардан ашуун арам акчаны адалдаган деген айып коюуда. Маалыматтарга ылайык, “Эркиндик резерви” деп аталган компаниянын дүйнө жүзү боюнча бир миллиондон ашуун, анын ичинен Америкада 200 миң кардары бар. Айыптоочулар баш кеңсеси Коста-Рикада жайгашкан ишкананын балдар порнографиясы, маңзат сатуу жана алдамчылык менен шугулданган кылмыш аракеттерине байланышы бар деп бекемдөөдө. Мындай айып жети кишиге тагылган, алардын ичинен компаниянын негиздөөчүсү Артур Будовский кошулган бешөө камакка алынды. Будовский башта Америка жараны болгон, кийин Коста-Риканын жарандыгын алган.

Нью-Йорк прокуратурасы мынчалык көп суммадагы арам акчаны адалдоо тарыхта болбогонун кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG