Ушул тапта Жалал-Абаддагы облустук акимчиликтин алдында нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, митингге 300гө жакын адам катышып жатат. Митингчилер Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясынын талаптарын колдоорун айтышып, "Центерра Голд" компаниясы менен Кумтөр боюнча келишимди бузууну, былтыр 3-октябрдагы митингден кийин камакка алынган "Ата-Журт" фракциясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну, облустагы жергиликтүү бийлик башчыларын кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. Митингге милиция кызматкерлери көз салууда.
Ошол эле учурда Жалал-Абад шаардык мэриясында өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов баш болгон бийлик өкүлдөрү митингчилердин уюштуруучулары менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Жалал-Абад шаарында Кумтөргө каршы митинг кечээ башталган. Анда митинчилер облустук акимчиликтин имаратына кирип барып, элдик губернатор деп “Ата Журт” партиясынын өкүлү Медер Үсөновду жарыялашкан. (BkA)