Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Жогорку Сот Чоң-Туз шахтасы боюнча ишти төмөнкү баскычка кайтарды


Дүйшөмбүдө Жогорку Сот Кочкордогу Чоң-Туз шахтасы боюнча ишти Нарындын райондор аралык сотуна кайтарды.

Бул тууралуу “Кочкор Кара-Туз шахтасы” бирикмесинин өкүлү Бердибек Жунушев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Апрель ыңкылабына чейин Нарындын райондор аралык жана облустук соту ишти шахтага ээлик кылып келген Кочкордун мурдагы акими Курманбек Байтерековдун пайдасына чечкен. Бирок шахта жайгашкан Туз айылынын тургундары буга макул болбой, аны мамлекеттин ээлигине кайтарууну талап кылып келишет. Жогорку Сот төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан карап чыгуу үчүн райондор аралык сотко кайтарып берди.

Кочкордогу Чоң-Туз шахтасында тери ооруларын айыктыруучу дарылоо комплекси жана туз казылып алынчу кен бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG