Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:51

Парламент транзиттик борборду чыгаруу келишимин карайт


Жогорку Кеңеш 19-июнда “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын Транзиттик борборун чыгаруу боюнча келишимди карайт. Бул тууралуу парламенттин күн тартибин бекиткен Координациялык кеңештин кечээки жыйынында кабыл алынды. Буга чейин парламенттин тармактык комитеттери бул келишимди жактырган болчу.

Кыргыз өкмөтү Транзиттик борборду чыгаруу боюнча келишимди өткөн айда даярдап, парламенттин кароосуна жөнөткөн. Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, кийинки жылдын январь айына чейин аталган келишимди бузуу тууралуу мыйзамга президент кол коюп, АКШ тарапты кабардар кылышы зарыл. (BkA)

XS
SM
MD
LG