Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

Нагира Сарбашева күмүш байгеге ээ болду


Казандагы дүйнөлүк универсиаданын үчүнчү күнүндө кыздар арасында бел кур күрөшү боюнча Нагира Сарбашева күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Казанга барган кыргызстандык делегациянын мүчөсү Эркин Абдылдаев кабарлады. Анын айтымында, 76 килограммдан жогорку салмактагылар арасында Сарбашева монголиялык балбан кызды жеңип алган.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар эки алтын жана үч коло медалга ээ болгон. Мындай жыйынтык менен жалпы командалык эсепте Кыргызстан 9-орунда келатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG