Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Каирде "Мусулман агайынчылар" бекинген мечитке чабуул коюлду


Соңку күндөрү кагылыштарда өлгөндөрдүн саны өсүүдө
Соңку күндөрү кагылыштарда өлгөндөрдүн саны өсүүдө
Египетте “Мусулман агайындар” кыймылынын миңден ашуун өкүлү жашырынган мечитке коопсуздук күчтөрү бүгүн чабуул коюшту. Каирдеги ал мечитте кечээги кандуу нааразылык маршына катышкан жүздөгөн адамдар бекинип турушкан. Жума күнкү кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 173 адамга жеткени кабарланды.

Бүгүн аталган мечиттин ичинен телефон аркылуу “ал-Жазира” телеканалына сүйлөгөн Омайма Халава деген аял: "Эч ким бул жерде корголгон эмес. Алар мечитти атып жатышат", - деди.

Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, акыркы үч күндөн берки кагылыштарда каза тапкандардын саны 800дөн ашты. Жалпы өлкө боюнча нааразылык акцияларындагы топлоңдордо 1300дөн ашуун киши жаракат алган.

France-Presse маалымат агенттиги жумуриятын Ички иштер министрлигине шилтеме менен “Мусулман агайындар” кыймылынын миңден ашуун жактоочусу камалганын кабарлады.

Кечээги нааразылыкты өлкөнүн бийликтен кулатылган президенти Мухаммад Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” исламчыл кыймылы шаршембидеги кандуу чабуулдарга жооп кылып уюштурушкан. Шаршембиде коопсуздук күчтөрү ал кыймылдын шаардагы эки лагерин буздуруп, кагылыштарда 600дөн ашуун киши набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG