Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Замирбек Эсенаманов акталды


Шейшембиде Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов баштаган министрликтин 6 кызматкерин актады.

Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. Апрел айында Улуттук коопсуздук комитети Эсенамановго Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда мыйзам бузган” деген беренелер боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, 2011-жылы Замирбек Эсенаманов төрагалык кылган кен байлыктарын пайдалануу боюнча комиссия Жалал-Абаддагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөттүн уруксатысыз 4 лицензия берген деп айыпталган. Сотто мамлекеттик айыптоочулар Эсенамановду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ишти караган судья Кымбат Архарова актоо чечимин чыгарды.

Замирбек Эсенаманов 2010-2011-жылдары жаратылыш ресурстары министри болуп эмгектенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG