Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

ЕБ: Сириядагы химиялык чабуулга өкмөт жооптуу


Европа Биримдиги Сириядагы хииялык чабуулдун артында Дамасктын бийлиги тураарын айтууда. Европа Биримдигинин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштондун айтымында, өткөн айда Сирияда өкмөт химиялык курал колдонгону айгине болууда:

- Ар түркүн булактардан алынган маалымат ушундай чабуул болгондугун тастыктап жатат. Ал үчүн Сириянын бийликтери жоопкер экендигине күчтүү далилдер бардай.

Эштон бул кылмышка Европа Биримдиги көңүл кош кала албай тургандыгын кошумчалады. Эштон АКШнын Мамлекеттик катчысы Жонн Керри Вилнюста Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен жолугушкандан кийин сүйлөдү.

Вашингтон 21-августтагы Дамасктын сыртындагы химиялык чабуулда 1400дөн ашык киши набыт болгондугун айтууда. Эштон Бириккен Улуттардын инспекторлору Сириядагы чабуул боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын тез арада жарыялайт деген үмүтүн билдирди. Мунун алдында АКШ президенти Барак Обама Сириядагы кырдаалга Кошмо Штаттары кайдыгер карабай тургандыгын кайрадан эскертти.

XS
SM
MD
LG