Көлдүн борбору Каракол шаарында бүгүн абал тынч. Элдин жашоосу өз нугунда уланууда. Ал эми Жети-Өгүздүн Саруу айылында, кабарчыбыздын айтымында, 50 чакты киши айыл өкмөттүн жанында чогулуп турат. Соңку эки күндөн бери Каракол менен Сарууда 200-300 киши катышкан нааразылык акциялары өтүп, бийлик өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу менен коштолгон. Митингчилердин айтымында, алар Кумтөр алтын кенин улутташтырууну жана митинг учурунда кармалгандарды бошотууну талап кылууда. (MK/RK)