Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

АКШ менен Ооганстан коопсуздук келишимин толук макулдаша элек


Хамид Карзай (оңдо) менен Жон Керри Кабулдагы биргелешкен маалымат жыйынында, 12-октябрь, 2013.
Хамид Карзай (оңдо) менен Жон Керри Кабулдагы биргелешкен маалымат жыйынында, 12-октябрь, 2013.

Бул келишим келерки жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныктамак.

Ооган өкмөтү менен келишимдин жоболорун талкуулаш үчүн АКШнын Мамлекетик катчысы Жон Керри Кабулга жума күнү барган эле. Болгону бир нече саатка созулат деп күтүлгөн сүйлөшүүлөр эки күнгө уланып кетти. Ошондо да эки тарап толук мунаса таба алышпады.

Ишемби кечинде биргелешкен маалымат жыйынында мамкатчы Жон Керри менен Ооганстандын президенти Хамид Карзай жаңы келишим боюнча көптөгөн маселелерге чекит коюлганын, бирок айырмачылыктар дале бар экенин айтышты.

Алардын айткандарына караганда, азыр эң маанилүү эки маселе чечилбей турат. Бул - америкалык аскерлер Ооганстанда жасалган кылмыштар үчүн жеринде соттоло алар-албасы жана жергиликтүү бийликтер менен макулдашпай туруп, өз алдынча атайын операцияларды өткөрүү маселелери.

АКШ өзүнүн аскерлери ооган жеринде жасалган кылмыштар боюнча Ооганстанда соттолушун каалабайт. Кабул болсо буга каршы. Ооган президенти муну өзү эле чечип кое албай турганын белгиледи.

"Юрисдикция маселесин ооган өкмөтү чече албайт. Бул толугу менен ооган элинин гана жоопкерчилигиндеги нерсе, - деди Карзай. - Демек, муну “Лойа жырга” (же аксакалдар соту) жана ооган парламенти гана карай алат".

Учурунда Ирак өкмөтү менен бул өңдүү келишим кабыл алынбай калгандыктан, америкалык аскерлер өлкөдөн толук чыгып кетишкен.

АКШ бүт аскерий аракеттерин жергиликтүү бийликтер менен макулдашканды каалабайт, анткени “ал убакытты алат жана жашыруун маалымат душмандын колуна түшүп калышы ыктымал” деп эсептейт.

"Эгерде америкалык аскерлердин соттон иммунитети жөнүндөгү маселе чечилбесе, тилекке каршы, келишимге да кол кое албайбыз. Маселе баары бир чечилет го деп үмүт кылып туралы, бул ооган элинин эркине жараша болот", - деди Жон Керри.

Непада Вашингтон менен Кабул Коопсуздук боюнча эки тараптуу ал келишимге жетише албаса, анда АКШ өз аскерлерин келерки жылы толугу менен чыгарып кетиши керек болот.

Эксперттер азыр сырттан колдоо болбосо, Ооганстан өзү жалгыз талибдердин каршылыгына туруштук бере албайт деп эсептешет.

Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жакында талибдердин башчыларынын бири Латиф Мехсудду америкалык аскерлер ооган бийликтерине айтпай туруп кармап кетишкени да бир топ татаалдантты көрүнөт. Карзай биргелешкен маалымат жыйынында бул тууралуу сөз козгоп, Ооганстан ушул өңдүү өз алдынча жүргүзүлгөн операциялардын алдын алууну каалай турганын, өлкөнүн көз карандысыздыгы урматталышы зарыл экенин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG