Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:16

Ажылыкка баргандардын алгачкы тобу кайтып келди


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, ажылык зыярат менен Мекеге кеткен кыргызстандыктардын алгачкы тобу жекшемби кечинде "Манас" аэропортуна келип түштү. Алгачкы топтогу 100дөн ашык адамды муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев баштаган дин өкүлдөрү тосуп алды.

Быйыл Кыргызстандан Мекеге ажылыкка 3685 адам кеткен. Ажылыкка кеткендердин ичинен бир жаран сапар учурунда каза болду. Эми калган зыяратчылар эки жума ичинде толугу менен кайтып келишмекчи. (BkA)

XS
SM
MD
LG