Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Текебаев: Экологияны бузганы үчүн “Центерраны” сотко берүү керек


Кумтөрдө алтын казып алуу учурунда экологияга келтирилген зыян үчүн Кыргызстан “Центерраны” Жети-Өгүз райондук сотуна бере алат. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкта” Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча талкуу учурунда билдирди. Анын айтуусунда, Кумтөрдү иштетүү тууралуу “Центерра голд” ишканасы менен түзүлгөн 2009-жылкы келишим боюнча экологиялык маселелер Кыргызстандын мыйзамына ылайык, Кыргызстандын соту менен чечилет:

- Биздин жаратылышыбызга 100 млн. долларлык же сом менен айтканда 30 млрд. сомдук зыян келтирилген. Кыргыз өкмөтү ошону чет элден чакырбай эле жергиликтүү эксперттер менен тастыктап, “Центерра голд” ишканасы бизге 30 млрд. сомдук зыян келтирди деп Жети-Өгүз райондук сотуна бериши керек. Жети-Өгүз райондук соту бул чечимди чыгарып берерине мен ишенем. Облустук, Жогорку Сот тастыктап берсе, биз канадалык ишкананы жоопко тарта алабыз.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кумтөр маселеси боюнча өзүнүн пикирин журналисттер менен бөлүшмөкчү. Ал Кумтөр алтын кенин эки тараптуу 50/50 пайыздык үлүш менен чогуу иштетүү жөнүндөгү меморандумга каршылыгын билдирип келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG