Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Оштук модельер Германияга чакырылды


Оштук модельер айым Гүлнур Исраилова Германияда өтө турган мода фестивалына чакыруу алды. Исраилованын "Азаттыкка" айтымында, ал майда шуру менен кооздолгон улуттук кийимдерден турган жаңы коллекциясын европалык көрармандарга сунуштамакчы:

- Беш чапан, беш чалма, сумкаларды алып баратам. Алардын арты менен асты жагы машинкада эмес, мончок менен бириктирилген. Ушундай жаңы технология.

Гүлнур Исраилова жакында Бишкектеги Fashion Week мода фестивалына катышкан. Германияда өтө турган "Мода көпүрөсү" жумалыгына аны он-лайн добуш берүүнүн жыйынтыгында тандап алышты. Исраилова менен кошо бул фестивалга Кыргызстандан дагы үч дизайнер-модельер катышканы жатат. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG