Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Алтылык менен Иран сүйлөшүүсү уланат


Ирандын ядролук программасы боюнча Женевадагы сүйлөшүү башталар алдында. 7-ноябрь 2013
Ирандын ядролук программасы боюнча Женевадагы сүйлөшүү башталар алдында. 7-ноябрь 2013

Бүгүн Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча Иран жана алты бакубат өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталат. 7-9-ноябрда өткөн сүйлөшүүдө оң жылыштар болгону менен, тараптар бир бүтүмгө келе алган эмес.

Азыр күн тартибиндеги негизги маселе: Иранды ядролук ишмердигин убактылуу токтотконго же азайтканга көндүрүү. Анын ордуна Батыш мурда киргизген санкцияларын бир аз жеңилдеткенге макул.

Бакубат Батыш өлкөлөрү Иран ядролук ишмердүүлүгүн токтотконун же азайтканын каалайт. Муну чечмелеп айтса, Иран уранды ядролук бомба жасаганга жарачу 20 проценттик деңгээлге байытканды токтотуш керек. Аларды Ирандын түштүгүндөгү Арак ядролук ишканасында курулуп жаткан илимий реактор да тынчсыздандырууда.

Батыш державалары реактор курулуп бүтсө, ядролук куралга керектүү плутоний өндүрүлө баштайт деп кооптонушат. Алар Иран атомдук бомбанын үстүнөн жашыруун иштеп жатат деп шектенишет. Тегерандын ырасташынча, уран энергия өндүрүү үчүн жана медициналык максатта гана байытылууда.

Женевада он күн мурда болгон үч күндүк сүйлөшүүдө, бийик деңгээлде айтылгандай, оң жылыштар болгону менен эки жак орток пикирге келе алган жок.

Азыркы сүйлөшүүгө БУУнун вето укугуна ээ мүчөлөрү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция плюс Германиянын дипломаттары (кыскача, Р5+1 тобу), Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф, ошондой эле Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон катышары маалымдалды.

Сүйлөшүүнүн жаңы айлампасында тараптар алдын ала келишимге кол коюшу мүмкүн деген үмүттө дипломаттар катуу эмгектеништи. Ал эми АКШ президенти Барак Обама 19-ноябрда Вашингтондо бизнес чөйрөнүн лидерлери менен кездешүүдө эки жак тең сүйлөшүүгө астейдил мамиле жасап жатканын баса белгиледи:

– Санкция ушунча эффективдүү болгондуктан, биз Иранды сүйлөшүүгө олуттуу мамиле жасата алдык. Алар программасы ядролук куралдуу болууну максат кылбайт деп эл аралык коомчулукка убада бергени жатканын көрүүдөсүз. Биз келишимге ушул аптада жетишебизби же эмки аптадабы, мен билбейм. Биз ирандыктар менен убактылуу келишим түзөрүбүзгө бекем ишенебиз.

19-ноябрда президент Барак Обама Ак үйдө сенаторлор менен жолугуп, алардан Иранга каршы санкцияны катуулатпай турууну өтүндү. Ак үйдүн өкүлү Жей Карнинин билдиришинче, Обама сенаторлорго эгер Иран сунуш кылынган келишимге ынабаса же макул келип, бирок кийин шартты бузса, санкцияны колдонуу жөндүү болмок деген.

Барак Обама Тегеранга каршы санкция жеңилдетилсе, Иран кеминде 40 миллиард доллар алат деген кабарды калпка чыгарып, мунай, банк, финасы тармагындагы санкциялар сактала берет, мурда камакка алынган 10 миллиард доллар кайтарылышы ыктымал деди.

Акыркы кезде Иран жана Батыш өлкөлөрү арасындагы алаканын оңоло баштаганын жышааналаган дагы бир окуя болду. 19-ноябрда Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Ирандын президенти Хасан Роухани менен телефондон баарлашты. Бул эки мамлекеттин лидерлеринин он жылдан ашык убактан берки биринчи сүйлөшүүсү.

Маалымдалганга караганда, Кэмерон Иран ядролук программасына байланыштуу эл аралык коомчулукту тынчсыздандырбоочу чараларды үргүлжүң жасап, бул иште ачык-айкындыкты кеңири кармануусу керек экенине көңүл бурган.

XS
SM
MD
LG